Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 114 миллион 790 миң 824 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 64 миллион 839 миң 314 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 547 миң 420 адам илдеттен каза болду. Бул статистикалык маалымат бүгүн, 3-мартка карата алынды.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 28 миллион 717 миң 162 болду. 516 миң 475 адам каза болсо,12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 11 миллион 124 миң 527 адамдан аныкталды. 157 миң 248 адам каза болсо, 10 миллион 798 миң 921 бейтап айыкты.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат