Түштүк Африка Республикасында жайгашкан Крюгер улуттук паркында арстандар жолдо жатып эс алууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сүрөттөрдү сейил бакта иштеген Ричар Соури аттуу адам тартып алган.
"Сейил бак 25-мартта пандемияга байланыштуу жабылган. Мурун арстандар жолго жакын келишчү эмес. Мен унаа менен кетип бара жатканым үчүн алар көңүл деле бурушкан жок. Алар жөө адамдардан коркот", - деп билдирген Соури.
Пандемия дүйнө жүзүн каптагандан бери көп өлкөлөрдө аба, суу тазарганы тууралуу маалыматтар байма-бай чыгууда.