Бишкектеги тартип бузган кафе-ресторандарга карата 300 миң сомдук протокол түзүлдү

30-май күнү Бишкектеги соода борборлоруна, базарларга, кафе-ресторандарга карантин талаптарын аткаргандыгын текшерүү максатында рейд жүргүзүлүп, тартип бузгандарга айып салынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

"Акимчиликтин мобилдүү топтому Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл ишканасынын кызматкерлери, санитардык-экологиялык инспекция жана райондук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте санитардык эрежелердин сакталуусун текшерип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Атайын топ «Дордой», «Мадина», «Комфорт KG», Асанбайдагы базарларды, «Береке», «Дордой Плаза», ЦУМ, ГУМ, Бета сторес-1,2 соода борборлорун, «Инжир», «Махмуд Кашгари» кафелерин, «Нават» чайканалар тармагын текшерүүгө алган. Жогоруда аталган жайларда тартип бузуу аныкталган эмес.

Ал эми «Кудайберген», «Уста» жана «Элитстрой», «Asgard», «Хожа Насреддин», «Восточка», «Хабиби», «Таймаут», «Avenue», «Giraffe Coffee» кафелери жана «Бишкек парк» соода борборунда санитардык эреже сакталган эмес, санитайзерлер жетишсиз, сатуучулар бет капсыз иштеп жаткандыгы аныкталган. Аталган жайларга баруу жашоочулар үчүн кооптуу. Тартип бузган жайларга карантин талаптарын аткарбагандыгы үчүн 300 миң сомдук протокол түзүлүп, айып салынды", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан