"Журналисттер өзгөчө абал кирген режимде кандай иштешет, аларга да тыюулар тиешелүүбү?" деген суроо бүгүн, 24-мартта онлайн-маалымат жыйында берилди. Суроолорго ИИМдин орун басары Алмазбек Орозалиев менен Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөмбаев жооп берди.
Журналисттер коменданттык саат башталганга чейин иштеши керек. Алар үчүн атайын график түзүлсө жакшы болот. Бирок журналисттер толугу менен эркин графикте иштейт дегенди билдирбейт. Тыюулар журналисттерге да тиешелүү, эгер ал эрежелерге баш ийбесе, аларга да чара көрүлөт.
"Атайын республикалык штаб түзүлгөн, бекитилген тартиптин негизинде ошол жакка кайрылса жооп беришет" деди ИИМ башчысынын орун басары.
Буга чейин ЖМКлардын маалыматтарды чагылдыруусуна айрым эрежелер болору эскертилген болчу. Ал тартиптеги маалыматпы же ага жооп бербейби дегенге ким баа берет дешти журналисттер.
"Негизгиси туура, так маалыматтар берилиши керек" деп жооп беришти өкмөт өкүлдөрү.