Бүгүн, 14-апрелде Жалал-Абад облусунун коменданты Жеңишбек Жоробеков жана өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов маалымат жыйын беришти. Анда 14-апрелге караган түнү облус аймагында 23 кылмыш иши катталганы жана 95 унаа айып короосуна киргизилгенин облус коменданты билдирди.
"Өткөн суткада коменданттык саат учурунда Жалал-Абад облусу боюнча 23 кылмыш иши катталып, анын ичинен коменданттык саат киргизилген аймакта жалпы 81 киши кармалып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми коменданттык саат эрежелерин бузган 6 жаранга мыйзамдын негизинде протокол түзүлүп, тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Ал эми 95 унаа айып короосуна киргизилди. Учурда коомдук саясий абал туруктуу", - деп билдирди Жоробеков.