Коомдо "Нарын облусунун коронавирус жуктурган тургуну дарылануудан баш тартканы үчүн гана жазага тартылды" деген маалымат боюнча Нарын ОИИБи билдирүү таратты.
"Фейсбук тармагынын колдонуучусу Нарындын жашоочусунун укугунун тебеленгенин жана өлкөнүн ар бир жараны медициналык дарылоодон баш тартууга укугу бар экендигин жазган.
Окуя боюнча, Нарын облусунун тургуну өзү коронавирус менен ооруганы аз келгенсип, үй-бүлөсүнүн 3 мүчөсүнө вирусту жуктурган. Баары учурда дарыланып жатышат. Обсервацияда 1-категорияда байланышкан 18ден ашуун адам жана 2-категориядагы 200дөн ашык адам жатат. Чет өлкөдөн келгенде сыртка чыгууну чектөө тууралуу эскертүү берилгенине карабай, аталган жаран санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бир нече ирет бузган, мечитке жана айылга конокко барган. Сотко чейинки өндүрүш иши апрель айынын башынан бери жүргүзүлүүдө. Анын санитардык-эпидемиологиялык эрежени бузгандыгы тууралуу аталган ишкананын кызматкерлери арыз менен кайрылышкан. Коронавирус менен ооруган жаранга COVID-19 инфекциясына карата дарылануудан баш тартканы үчүн гана кылмыш иши козголду деген туура эмес жана чындыкка дал келбейт", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин Пакистандан дааваттан келген Нарын шаарынын тургуну О.М. коронавируска чалдыкпагандыктан, дарылануудан баш тартып, ал эми үй-бүлө мүчөлөрү дары ичкенден кийин ден соолуктары начарлап кетти деген видео кайрылуу чыккан. Нарын ОИИБи жаранга санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталганын билдирген.