Депутат Жанар Акаев тейлөө кызматында иштеген 500 миң адамга 5 миң сомдон жөлөк пул берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.
"Мындай кырдаалда бир муштумдай болуп иштешибиз керек. Тейлөө кызматында иштеп, күнүмдүк оокат кылып жаткандарда азык-түлүк жок. Казакстанда 1 миллион адамга жөлөк пул берип жатат. Биздин өкмөт дагы азыр ушундайда 500 миң жаранга 5 миң сомдон болсо да жөлөк пул колдоо катары берүүсү керек. Экинчиден бүт ири шаарларда 100 миңдей батирди ижарага алган адам бар. Акча которулуп жатат. Ошол каражаттын бир сому да коротула элек деп кармалып жатат. Медициналык кызматкерлердин атайын костюмдары жок. Бул вирустан өнүккөн өлкөлөр кантип сактанган ыкмасын үйрөнүшүбүз шарт", - дейт Акаев.