Бүгүн, 10-июлда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев облустагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча онлайн маалымат жыйын берди. Анда облус башчысына "Ноокат районунда коронавирустан айыккан жаран үйүнө түлөө өткөрдү. Буларды кантип чектейбиз?" деген суроо берилди.
"Урматтуу Ош облусунун тургундары! Ош облусунда 1 миллион 350 миңге чукул калк жашайт. Эми бардыгын көзөмөлдөгөнгө мүмкүнчүлүк дагы болбойт. Ноокат районунда 300 миңдей калк бар. Ошол эле милиция кызматкерлери, айыл өкмөтү бардыгын көзөмөлдөгөнгө жетишпейт. Ошондуктан бири-бириңиздерди көзөмөлдөөгө чакырам. Кошунабыз, тууганыбыз той-топурларга чакырса барбайм деп ачык айтып, уяткарышыбыз керек. Азыр сиз, биз деп сыйлаша турган маал эмес. Кошунаңыздар ушундайларды өткөрүп жатса милицияга кабарлаңыздар. Биз буларга чара көрөбүз", - деди Жылкыбаев.