Ички иштер министринин орун басары: "Бишкекке 41 блокпост коюлду"

Бүгүн, 25-мартта Өкмөт үйүндө ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев онлайн маалымат жыйын берүүдө.

Жыйында коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоо максатында 2020-жылдын 24-мартынан 15-апрелине чейин Бишкек шаарында өзгөчө абал киргизилгени айтылды.

"Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ага ылайык, кечки саат 20:00дөн эртең мененки саат 07:00ге чейин коменданттык саат кирген. Эрежени сактабагандар жоопкерчиликке тартылат. Жалпысынан Бишкек шаарынын кириш, чыгышына 41 блокпост коюлган. Борборду төрт комендант көзөмөлгө алат", - дейт Орозалиев

25-мартта өлкөдө дагы 2 жарандан коронавирус аныкталды. Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө коронавирус менен жабыркагандардын саны 44.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан