Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 2 бейтап каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, каза болгондордун бири Баткен, экинчиси Чүй облустарында катталды.
Белгилүү болгондой, бир бейтап COVID-19дан, дагы бири пневмониядан көз жумду. Экөө тең коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшкөн эмес.
Республика боюнча инфекциядан жалпы 2 миң 743 киши каза болду.