Индияда маймылдар коронавирус бар-жогун текшерген анализдин үлгүлөрүн уурдап кетишти

Индияда маймылдар коронавирус бар-жогун текшерген анализдин үлгүлөрүн уурдап кетишти. Мындан улам жергиликтүү калк бул окуя вирустун жайылышына жол ачат деп чочулоодо. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, уурулук Индиянын Мератх шаарында орун алып, анда маймылдар лабораториялардын бирине кирип, медициналык кызматкерге кол салуу менен бир канча анализдин үлгүлөрүн уурдап кетишкен. Ал анализдер коронавирустун бар-жогун текшерүү боюнча жүрүп жаткан.

Социалдык тармактарга тарап кеткен видеодо маймылдардын бири даракка чыгып алып, уурдап чыккан үлгүнү тиштегилеп жеп жатканы тартылып калган.

Анализдер уурдалган мекеменин башчысы маймылдарга баш-аягы үч кутуну алдырып жиберишкенин айткан. Анда канча даана тест бар экендиги айтылган эмес.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Belek1710
2020-05-30 18:43:31
Өлдү го маймылдар эми.
+3
TIMON_BERKOWITZ
2020-05-30 18:55:51
Алла Таала ойлодубу кырылат деп, демек кырылат!
+1
AdylbekB84
2020-05-30 19:36:25
Маймылды атып түшүрүп алса болмок, ал эми башка маймылга жугузуп ошонон нары элдерге жугуп жөнөйт эми!
+2
Aika1988
2020-05-30 20:06:35
Олгондун устуно комгон болуптур да бул жагы.Бир чети кулкун келет экен.Ушул иниянын жаныбарлары да щумдук тоба.
+2
Sultanim
2020-05-31 00:33:31
Aika1988,накта жазайын деген оюм болчу)))
0
algakaray
2020-05-30 20:47:57
Тентек маймыл да жон тура албаган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан