Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндарын коронавирус пандемиясынан улам кийинки жылга жылдырууну суранып, Эл аралык олимпиада комитетинин (ЭОК) президенти Томас Бахка кайрылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"Азыркы кырдаалды эске алуу менен биз олимпиаданы кийинки жылга жылдырууну суранып, ЭОКко кайрылдык. ЭОКтун президенти Томас Бах биздин бул сунушубузду 100 пайыз колдоду. Биз олимпиаданы 2021-жылдын жай айларында өткөрүүнү сүйлөштүк", - деп билдирген Синдзо Абэ.
Буга чейин АКШ жана Канада мамлекеттери коронавирус пандемиясы күчөп жаткандыгына байланыштуу олимпиаданы кийинки жылга жылдырууну суранып, ЭОКко арыз менен кайрылган.