Өлкөдө коронавирус илдети менен ооругандардын саны эмнеден улам көбөйгөнү аталды

Коронавирус илдети Жаңы жыл алдында адамдардын көп топтолушунан улам көбөйгөнү байкалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, адамдар санитардык нормаларды сактабагандыгы дагы ооругандардын көбөйүшүнө себеп болууда.

"Оору жуктуруп алган жарандардан сурамжылоо жүргүзгөндө майрамдын алдында базарларга барып, үйлөрүнө конок чакырып, майрамдык кечелерге баргандыгы менен байланыштырышат.

Эч кандай дүрбөлөңгө түшүүнүн зарылчылыгы жок. Биз 2 жылдан бери бул оору менен күрөшүүнү, алдын алууну үйрөнүп калдык.

Эгерде сизде дене табыңыз жогорулуп, жөтөл, баш оору болсо үйдөн чыкпай обочолонуңуз жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылыңыз. Алардын айткан сунуштарын аткарыңыздар", - деп билдирди Акматова.

Белгилей өтсөк, бир суткада 742 адамдан коронавирус аныкталды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
XATSAN125
2022-01-13 15:02:35
Куп тойгоздуңарда силер дагы митинг пикеи болгон жерлерде жок анан эле паланча мин ооруду паланча месио бош келип жаисанар болот тукунчо айыкты деп жанды кашайтасынар дагы артынан эч нерсе эмес конуп калдык кадимки эле сасык тумоодой отуп кетет деп койосунар
0
Jolin
2022-01-14 09:20:55
Бесит!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан