Дүйнө жүзүндө калкынын саны боюнча экинчи орунда турган Индия бүгүн, 25-марттан баштап үйдөн чыкпай катуу карантинде кармалууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
"Ар бир үй-бүлө үйдөн чыкпай кармалуусу тыкыр көзөмөлдөнүп жатат. Эгер карантиндин эрежелерин сактабай, жарандар көчөгө чыга турган болсо, анда белгиленген мөөнөт дагы үч аптага узарышы мүмкүн", - деп билдирген Индиянын премьер-министри Нарендра Дамодардас Моди жергиликтүү телеканал аркылуу.
Мындан тышкары ал өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына коронавирус тууралуу блокбастер жарыялады. Индиялык саясатчы жарыяланган роликти бөлүшүп, таратуу менен элге жеткирүү керектигин өтүнгөн. "Коронавирус менен күрөшүү үчүн кичинекей нерсеге маани берсек, жыйынтыгында бирге жеңип чыгабыз", - деп билдирген ал өз билдирүүсүндө.