Сутка ичинде 14 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Жалпы канча?

Акыркы суткада өлкөнүн медициналык жайларында эмгектенген 14 ак халатчан коронавирус илдетине кабылганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Бишкекте 3, Чүй өрөөнүндө 3, Баткенде 3, Ошто облусунда 2, Ош шаары, Ысык-Көл жана Талас облустарында 1ден учур катталган.

Ошол эле учурда акыркы суткада оорудан 4 медицина кызматкери айыкса, жети кызматкер обочолонуудан чыкты. Өлкө боюнча COVID-19 жана пневмония илдетинен медицина тармагынын 4 миң 920 кызматкери жабыркап, 4 миң 691 кызматкер айыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан