Бишкек шаарында курулган Кыргыз-Түрк ооруканасы Саламаттыкты сактоо министрлигине берилди. Бул тууралуу Түркиянын Кыргыз мамлекетиндеги элчилигинен билдиришти.
"Глобалдык масштабда коронавирус илдети менен күрөшүп жаткан учурда бири-бирибизге колдоо көрсөтүү эң негизги маселе болуп саналат. Бишкек шаарында курулган Кыргыз-Түрк достук ооруканасын Саламаттыкты сактоо министрлигине аталган илдетке каршы күрөшүүгө байланыштуу колдонуу үчүн берилди", - деп айтылат маалыматта.
Кечээ, 24-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары бул оорукананы колдонууга берүү боюнча айтышкан.
Бул оорукананын курулушу 2016-жылы аяктаган. Башкаруу боюнча эки тараптуу келишим ратификация болбогондуктан ачылган эмес.