Каракол шаарында үй обсервациясынын талабын бузган жаран аныкталды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы билдирди.
"19-апрелде түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн милиция кызматкерлери тарабынан коюлган эрежелерди бузуу фактысы аныкталды. Тактап айтканда, Каракол шаарынын 37 жаштагы тургуну С.Н. дарыгерлердин көрсөтмөсү менен үй обсервациясына жаткырылганына карабастан, үйдөн шаарга чыгып кеткен.
Аталган факты Каракол ШИИБинин маалымат электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн териштирүү иштери жүрүүдө", - дейт маалымат катчы.
Мындан тышкары аба ырайынын жылышы менен Каракол шаарынын тургундары элементардык карантиндик эрежелердин талаптарын бузушуп, зарыл болбосо да көчөлөргө чыгышууда. Эки күндө милиция кызматкерлери тарабынан мөөнөттөрү өтүп кеткен өткөрмө кагаздары менен жүрүшкөн 78 айдоочу аныкталды. Айрым айдоочулар автоунааларын шаар ичинде жасалма өткөрмө кагаздары менен айдап жүрүшкөн учурлары да белгилүү болду. Аталган айдоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн кошумчалады мекемеден.
Ысык-Көл облусунун милициясы жарандардан карантиндик режимдин талаптарын сактоону жана дарыгерлердин берген кеӊештерин аткарууну өтүнөт. Өзгөчө кырдаал мезгилинде балдарыӊарга көӊүл буруу зарыл экендигин унутпаӊыздар.