Парижде коронавирустан улам бизнеси артка кеткен ишкерлер "1000 бош отургуч" аталышындагы акция өткөрүштү. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазышты.
Акцияга кардарсыз калган ресторан, кафе, ашкана, барлардын ээлери жана кызматкерлер катышкан.
Мындай кадам менен ишкерлер чакан жана ири бизнеске байланыштуу экономикалык кырдаалга көңүл бурдурууну каалашкан. Карантин шартында аларга келген кардарлардын саны кескин азайган. Ушул сыяктуу акцияны Германиянын Дрезден шаарында дагы өткөрүшкөн. Анда Ноймаркт (Neumarkt) аянтына ресторан жана мейманканалардан алып келинген түстүү отургучтар тизилген. Эки шаардын тең ишкерлери пандемиянын кесепети калкты тейлөө тармагы үчүн ири каатчылыкка туш болгонун белгилешкен.