Ошко Москвадан 221 Кыргыз жараны кайтып келишти

Бүгүн, 8-июлда Ошко Москвадан Кыргыз жарандары чартердик каттам менен учуп келишти. Маалымат республикалык штаб тарабынан белгилүү болду.

Москва-Ош багыты боюнча чартердик каттам менен Орусиядан 221 жаран кайтып келишти.

Каттамга Орусиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар, жаш балдары бар аялдар, оор илдети барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындары кайтыш болгондор жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген. Өлкөгө кайтып келген жарандар алгоритмге ылайык, обсервацияларга жайгаштырылат.

Бул каттам президенттин жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларынын алкагында жүзөгө ашырылды.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз жарандарын өлкөгө кайтарууну уюштуруу иштери улантылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kurman911
2020-07-08 23:34:15
Студенттер менен кош бойлуулар тугонбой койду го......
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан