2-апрелге карата республика боюнча коменданттык саатты бузган 99 факты катталып, протоколдор түзүлдү. Мындан тышкары 7 автоунаа айып короосуна токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош облусунун Кара-Суу районунда, Ош шаарында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана Жалал-Абад шаарында кечки саат 20:00дөн эртең мененки 07:00гө чейин коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай, бузгандыгы үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 99 жаран жеткирилди. Алардын ичинен:
• Бишкек шаары боюнча - 82;
• Ош шаары боюнча - 8;
• Жалал-Абад шаары - 3;
• Сузак районунда - 4;
• Кара-Суу районунда - 2 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилди. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.
Кармалгандарга коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.
Эскертүү! “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 28-беренесине ылайык, тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармалат. Ал эми жанында документтери жоктор аты-жөнү аныкталып, үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармала тургандыгын дагы бир жолу эскертебиз.
ИИМ жарандарга кайрылат жана эскертет: Өзгөчө абал боюнча мыйзамдардын талаптарын бузбоого жана зарыл иштери жок болсо үйдө калууларын суранат. Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.