Акыркы бир сутка ичинде 3 адам коронавирус илдетинен каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, каза болгон жарандардын экөө Бишкек шаарында катталса, бир адам Ысык-Көл облусунда катталган.
Бул көрсөткүч менен өлкөдө пандемия башталгандан бери 2 899 адам коронавирустан каза болду.