Өлкө аймагында бүгүнкү күнгө карата коронавирус менен жабыркагандар жок. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кезектеги жыйында билдирди.
"Бүгүнкү күндө коронавирус менен жабыркагандар жок. 534 адам стационардык көзөмөлдө туруп, алардын 391и жашаган аймагы боюнча медициналык жайдан текшерүүдөн өтүп жатышат. Кыргыз өлкөсүнүн бардык көзөмөл-өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат", - деген вице-премьер-министр.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавируска каршы жүргүзүлүп жаткан иш-аракетине өзгөртүүлөрдү киргизгенин маалымдайт. Ага ылайык, Япониядан, Түштүк Кореядан, Ирандан (бул тизме эпидемиологиялык абалга жараша толукталмакчы) жана Кытайдан келген жарандар атайын жайларга киргизилип, 14 күнгө карантинге алынат. Жыйында 2020-жылдын январь айынын соңунан баштап эпидемиологиялык өлкөлөрдөн Кыргыз жергесине келген жарандар милдеттүү түрдө текшерүүдөн өтүшүп, карантинге алынып, андан кийин гана өлкө аймагына киргизилип жатканы дагы белгиленген.
Жыйындын соңунда Алтынай Өмүрбекова Тышкы иштер министрлигине Кытайда жүргөн жарандар менен иштешүүнү, алардын укугун коргоону улантуу тапшырмасын берди. Билим берүү жана илим министрлигине коронавирусту алдын алуу үчүн билим берүү мекемелеринде түшүндүрүү иштерин дайыма өткөрүп турууну тапшырды.
Экономика министрлигине антикризистик планды бүтүрүүнү, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине дары-дармектердин, медициналык бет каптардын жана негизги делинген азык-түлүктөргө болгон бааны көзөмөлдөөнү тапшырды.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус буюм-тайымдар аркылуу жукпай турганын билдирген. Ошондой эле вирус 40°С градус температурада жашай албайт жана курчап турган чөйрөгө туруктуу эмес экенин маалымдаган.