Депутат Аалы Карашев керексиз сатып алууларды токтотуу боюнча кризиске каршы программасында камтылышы керектигин айтты. Бул тууралуу ал "Парламент сабактары" программасында айтканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан башчысы Ибрагим Нуракун уулу социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Экономикалык кыйынчылыктардан кантип чыгышыбыз керек? Бул кризиске каршы программада камтылышы керек. Керексиз сатып алууларды токтотуу зарыл. Өкмөт бюджетти бекитип жатканда көптөгөн жоопкерчиликти алган. Жол куруп беребиз, мектеп курабыз, айлык, пенсия көтөрөбүз деп айтылган. Мунун баарын эсептеп чыгып, кайсыны аткара ала турганыбызды ачык айтыш керек", - дейт Карашев.
Буга чейин коронавирус илдетине байланыштуу экономикалык кризис болору айтылып келет. Мындан улам депутаттар өкмөткө кризиске каршы программа иштеп чыгууну сунуштап келишкен.