Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевден коронавирус илдети аныкталды. Маалыматты мекеменин басма сөз өкүлү ырастады.
Маалым болгондой, кечээ, 18-июнда мэрдин коронавируска тапшырган тестинин жыйынтыгы оорунун бар экендигин тастыктаган.
"Мураталы Тагаевде илдеттен белгилери байкалбай өтүп жатат. Мындан улам ал үй шартындагы изоляцияга алынды. Мэрден илдет аныкталгандан мекеменин бардык кызматкерлери тест тапшырышты, жыйынтыгы күтүлүп жатат. Азырынча мекеме бардык санитардык талаптарды аткаруу менен ишин улантууда. Буга чейин деле мекеменин бардык кызматкерлери санитардык эрежелерди сактоо менен иштеп келген", - деп билдирди маалымат катчы.