"Коронавирус иммунитети алсыздарга оңой жугат дешет, эмне жесек иммунитет көтөрүлөт?" деген суроо бүгүн, 26-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматовага берилди. Ал биринчи кезекте алкоголдук ичимдиктерди ичүүдөн алыс болуу керектигин айтты. Мындан тышкары чылым чегүү да адамдын организминин алсыздануусуна алып келерине токтолду.
"Чылым чеккендерди мен азыр эле таштагыла деп айта албайм. Бирок тамеки тартуу да иммунитеттин чыңдалышына тоскоол болот. Тамактанууда жашылча-жемиштерге көбүрөөк көңүл бурган туура. Мисалы, сабиз, кызылча кошулган азыктарды жеп туруу жакшы жыйынтык берет. Булар витаминдештирилген тамак-ашка кирет. Алма, бал да жакшы жардам берет. Үйдө өзүбүз жасаган ысык тамак да бизге жакшы күч берет. Студенттер көбүнчө тез тамактануучу жайлардан түштөнүп алышат, мен аларды бул азыктардын ордуна организмине пайда алып келген азыктарды жегенге чакырам. Күнүнө 2-2 жарым литр суу ичүү керек", - деди ал.