Коңшу Казакстанда бир суткада 64 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, коронавирус жуктуруп алгандардын саны 106 миң 984кө жетти. Ал эми илдеттен өткөн суткада 431 бейтап айыгып чыкты. Муну менен оорудан сакайып чыккандардын саны 101 миң 267ни түзөт. Бир суткада коронавирус жана пневмония илдетинен 6 адам каза болду.