Күндүзгү стационарларда 24 миң киши кабыл алынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Билдирүүдө "укол жана асма уколдор акысыз кылынды. Эл дары-дармегин өздөрү алып келип жатат" деп жазылган.
Учурда Бишкек шаарында ондон ашык күндүзгү стационарлар иштеп жатат.