Казакстанда коронавирустан жалпы 40ка жакын кош бойлуу аял каза болду

Коңшу Казакстанда коронавирус инфекциясынан жалпы 40тай кош бойлуу аял каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министринин орун басары Ажар Гиният билдирген.

"Бизде жаңы төрөлгөн ымыркайлардын коронавирустан каза болгондугу жөнүндө маалыматтар жок. Коронавирус жуктуруп алып, пневмониядан каза болгон кош бойлуу аялдардын өлүмү боюнча статистика бар. Кош бойлуу аялдардын арасында коронавирустан 40ка жакын аял көз жумган", - деген Гиният.

Акыркы маалыматтар боюнча, Казакстанда 73 миң 468 адамдан коронавирус аныкталды. 585 адам каза болсо, 45 миң 376 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан