Кыргыз өлкөсү Орусиядан 100 миң даана тест-систем жана 300 даана жасалма дем алдыруу аппаратын сурап кайрылды. Бул тууралуу "Коммерсант" гезити жеке булактарына таянып жазып чыкты.
Аталган басылма бул тууралуу дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрү коронавирус менен күрөшүү үчүн бири-бирине кантип жардамдашып жатканы жөнүндө көлөмдүү материал даярдаган. Айрыкча сөз Орусиянын иш-аракеттери тууралуу болгон. Анда Москвадан, Пекинден жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан Бишкек жардам күтүп жатканы тууралуу айтылат. Орусиядан башка Кыргыз өлкөсүнө Түркия, Япония, Кытай жана АКШ жардамга колун сунушкан. Вашингтон Бишкекке 10 миң даана хирургиялык бет кап, 10 миң даана кол кап, 1 миң 400 даана халат жана 200 даана медициналык коргоочу көз айнекти жардам катары берген.
Мындан сырткары USAID уюму пандемиянын алдын алуу үчүн 913 миң доллар акча каражатын бөлгөн.
Бирок аталган акчаны жардам берип келген эл аралык уюмдар алган. Ушул сыяктуу эле Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аркылуу Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине Германия жардам берүү ниетинде турат.
Маалыматка ылайык, 24-мартта Кыргыз өкмөтү өлкө эмнеге муктаж болуп турган болсо, ошол нерселерди тизмектеп, Москвага жөнөткөн. Тизмеде тест-системден башка 200 стационардык жана 300 портативдик тепловизор, үйдө карантинде кармалган жарандарга 20 миң электрондук браслет жана биологиялык коргоочу 10 миң даана костюм бар. "Тизмедегилер Орусия каалоосуна жараша жардам бере ала турган жабдыктар. Мындан башка Орусия өкмөтүнө түз өтүнүч келтирген учур бар. Анда Кыргыз өлкөсүн азык-түлүк менен камсыздоо, анын ичинде эң биринчи дан азыктары, ошондой эле суу май тууралуу айтылат. Азырынча Орусия Бишкекке болгону 17 миң даана тест систем жөнөткөн", - деп айтылат аталган басылмадагы маалыматта.