Бүгүн, 22-апрелде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов аймактардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди. Анда мэрге тургундардан суроолор дагы берилди.
Суроо: "Жергиликтүү ишкерлерди колдоо боюнча кандай иштер жүрүп жатат?"
"Ишкерлерди колдоо долбоору антикризистик программага киргизилген. Кырдаалга жараша көп ишканалар токтоп турат. Бирок ооруган адам менен байланышта болгон акыркы жаран аныкталмайынча бул режим алынбайт. Ишкерлер муну түшүнүү менен кабыл алып жатат деп ойлойм. Бүгүнкү күндө айрым өнөр жай ишканаларына иштөөгө уруксат бердик. Бирок аларга медицина кызматкерлеринин айткан талаптарын так аткаруу шарты коюлду. Кыргыз өлкөсү бул илдеттен арылгандан кийин дагы ишкерлерди колдоо уланат. Мамлекет тарабынан насыя алганга, салык төлөөдө жеңилдиктер сыяктуу жардамдарды берүү пландалууда", - деди Ош шаарынын мэри.