Ош шаарынын тазалыгын сактап жаткан кызматкерлерге бет каптар таратылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан маалымдашты.
Анда айтылгандай, "Ош-Тазалык" ишканасынын кызматкерлерине 1000 даана бет кап таратылган. "Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев кызматкерлер менен жолугушуп, адамдардын ден соолугу үчүн шаардын тазалыгы чоң мааниге ээ экендигин билдирди. Оштогу менчик курулуш компаниясы тарабынан берилген 5 миң даана бет кап орган кызматкерлерине, шаардын көчөсүн тазалап, жашылдандыруу иштерин жүргүзүп жаткан кызматкерлерге акысыз бөлүнүп берилүүдө", - деп айтылат маалыматта.