Биз социалдык тармакта

Москвада билим берүү мекемелери убактылуу жабылат

Орусиянын борбору Москва шаарындагы мектептер коронавирус чуусунан улам убактылуу жабылат. Бул тууралуу аталган шаардын мэри Сергей Собянин маалымат жыйыны учурунда билдирген.

"Ишемби 21-марттан баштап, 12-апрель жекшемби күнгө чейин мамлекеттик орто мектептер, спорттук мектептер жана билим берүү мекемелери жабылат", - деп билдирген мэр.

Мындан тышкары Москва шаарындагы 50 адамдан ашкан массалык иш-чаралар дагы токтотулат.

Маалыматка ылайык, Орусияда коронавирус оорусун 93 адам жуктуруп алган. Буга байланыштуу өлкөнүн премьер-министри Беларусь өлкөсү менен болгон чек арасын жапкандыгын билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Arstan18.18
2020-03-17 11:22:27
Биз окуп жатабызго, кайдагы жанылык?
-1
birtanem
2020-03-17 11:48:33
Arstan18.18, 21 Марттан башталат.
+2
Suzak12
2020-03-17 13:23:32
Arstan18.18,Ооба биз деле окуп жатабыз бирок свободный посещение кылып койгон кааласанар барбасанар да болот.Бирок 21 нен жабылат экен.
+1
Mister-X
2020-03-17 16:29:17
Азыр мектептер иштеп жатат.Ар бир баланы текшерип киргизет экен.Бирок,кааласанар мектепке жонотпогуло деп жатат.21-Мартта жабылат деп жатат.Бирок 1 класстан 4 класска чейин окуса боло берет экен.Садиктер иштей берет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан