Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Бир үйдөн 3 адамдан коронавирус аныкталды" (видео, хронология)

Бүгүн, 13-май күнү Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча брифинг өтүүдө.

2020-05-13 10:24:00

"Блокпостко тартылган аскер кызматынан 1-2 коронавирус жуктургандар аныкталган учурда аларды дарылап, айыктырып жатабыз. Алар менен байланышта болгондор да аныкталып жатат", - дейт Үсөнбаев.

2020-05-13 10:21:00

"Темир жол" ооруканасынын шарты обсервация жасоого туура келбегендиктен, токтотулган. 

2020-05-13 10:17:00

65 жаштан жогорку 8 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталгандыгы боюнча Үсөнбаев төмөнкүдөй маалымат берди.

"Вирус жуктурган медицина кызматкерлери вирустун очогуна жумушка тартылган эмес. Алар тиричилик жаатында, башка шартта жуктуруп алышкан", - деди саламаттыкты сактоо министринин орун басары.

2020-05-13 10:16:00

Республикалык штабдын кызматкерлери маал-маалы менен коронавируска ПЦР-анализ тапшырып турушары айтылды.

2020-05-13 10:10:00

"Бир суткада коронавирус жуктурган 7 адамдын баары байланышта болгондор. Алардын бири алыска чыккан айдоочу. Ал Өзгөнгө жанындагы бир адам менен барган. Аны коронавируска текшергенде, тесттин жыйынтыгында вирус бар болуп чыккан. Дагы бир үй-бүлөдөн 3 адамдан вирус аныкталган. Баарына вирусту жуктурган адамдар аныкталды", - дейт Үсөнбаев.

2020-05-13 10:02:00

Бир суткада өлкөдө 7 коронавирус жуктурган адам аныкталды.

Чүй облусу - 5
Ош облусу - 1
Нарын облусу - 1

Республика боюнча 1044 адам коронавирус жуктурган.

2020-05-13 10:01:00

13-майга карата 17 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Бишкек шаарында – 10
Баткен облусунда – 4
Нарын облусунда – 1
Жалал-Абад облусунда – 2

Айыгып чыккандардын жалпы саны 726га жетти. 

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Usow
2020-05-13 10:35:13
Оо Аллах озуно шугур ушинтип эле ооругандар азайып айыккандар кобойо берсин
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан