Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Бишкек шаарынын соттору өз ишин токтотту

Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Бишкек шаарынын соттору өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу өз ишин токтотот. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта мындай чечимди Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева онлайн өткөн кеңешме жыйында кабыл алганы айтылат.

"Мындан сырткары Чүй облустук соту менен Чүй райондор аралык соту дагы ишин убактылуу токтотот. Бул соттордун ишмердүүлүгү бир аптага токтотулат. Ошону менен катар эле соттордо судьялар менен аппарат кызматкерлеринин кезектешүү менен иш алып баруусу уюштурулат", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин жактоочу Сергей Слесарёв Бишкек шаарында өзгөчө абал жарыяланганына карабастан, соттук процесстер уланып жатканын айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан