Кыргыз өкмөтү өлкөдөн тышкары жүргөн жарандардын маселесин чечүү боюнча ишти үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Бул тууралуу вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Анын айтымында, учурда Москва шаарында эки хостелде республиканын 94 жараны жашап жатат.
«Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарындагы 100 жаранга азык-түлүк, медициналык бет каптар жана башка зарыл товарлар түрүндө 161 миң сом суммасындагы көмөк көрсөтүлгөн. Новосибирсктеги 143 жаран 20-апрелге чейин хостелдерде болушат, бул жардам эл аралык миграция уюму миссиясы тарабынан көрсөтүлүүдө.
Соль-Илецк шаарындагы Кыргыз жарандарын азык-түлүк жана медициналык бет каптар менен камсыздоо маселеси чечилген. Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынан тышкары жүргөн жарандарыбыздын маселесин чечүү боюнча ишти үзгүлтүксүз түрдө жүргүзүүдө», - деп билдирди Кубатбек Боронов.