Францияда карантин учурунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күчөдү

Францияда карантин учурунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күчөдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Франциянын ички иштер министри Кристоф Кастанер өлкө боюнча үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактылары тездик менен көбөйгөнүн билдирген.

"Бул көрүнүш карантинге байланыштуу. 17-марттан баштап эл 2 апта бою карантинде болот. Кафе, ресторан, кинотеатр жана дүкөндөр жабылган. Бүгүнкү күндө полиция кызматкерлеринин кийлигишүүсү керек болгон үй-бүлөлүк жаңжалдар 32 пайызга көбөйдү", - деп билдирген министр.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Францияда 29 миң 300 адам коронавирус жуктуруп алса, 1698 адам илдеттен көз жумган.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aikaaaa
2020-03-27 17:37:28
Бири биринен тажап кетишкен го, камалып жатып, көргүлөрү келбей ;)))
+3
didu
2020-03-27 18:19:54
бизде ХХХХ кучоду
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан