Билим берүү жана илим министрлиги "Атам, апам жана мен, китеп окуйбуз баарыбыз тең" аталышындагы үй-бүлөлүк китеп окуу акциясын жарыялайт.
Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Үй-бүлөдө китеп окуу маданиятын калыптандыруу, ата-эне менен баланын мамилесин жакындатуу, үй-бүлөдөгү таалим-тарбия процессин жакшыртуу, ата-эненин баласынын алдындагы жоопкерчилигин арттыруу жана окуучуларды мекенчилдикке, жакшылык жасоого, жардам берүүгө, боорукердикке, ата-энесин сыйлоого, коомго пайдалуу инсан болууга үйрөтүү максатында Билим берүү жана илим министрлиги "Атам, апам жана мен, китеп окуйбуз баарыбыз тең" аттуу саамалыгын баштайт", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Китеп окуу саамалыгына ар бир үй-бүлө катыша алат.
Министрлик балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жана ата-энелерге ылайыктуу китептердин тизмесин сунуштайт. Ата-энелер күн сайын балдары менен биргеликте китеп окуйт жана окуган китеби боюнча үй-бүлөлүк талкуу уюштурушат. Окуп бүткөн китебинен алган таасирлери боюнча кыскача эссе жазышат жана аны үй-бүлө мүчөлөрүнө окуп беришет.
Андан кийин китептин мазмуну жөнүндө жазган эссенин текстин Фейсбук баракчасына #үйдө_китеп_окуйбуз деген хэштег менен жайгаштырышы жана социалдык желелер аркылуу башка жарандарга эстафета катары өткөрүп берүүсү керек.
Саамалыкка активдүү катышкан үй-бүлөлөргө белектер ыйгарылат. Эң активдүү катышкандарга Билим берүү жана илим министрлиги "Окурман үй-бүлө" наамын тапшырат.
Урматтуу ата-энелер, дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу үй-бүлөңүздүн кучагында балдарыңыз менен бирге болуп, аларды тарбиялоого көңүл буруп, китеп менен достошууга чакырабыз!