Коронавирус пандемиясынан улам 12-мартта Орусиянын Новосибирск шаарынан Бишкекке сууда сүзүү жана жеңил атлетика боюнча мелдешке келген спортчулар менен машыктыруучулар мекенине кете албай калышты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Орус бийлиги бул маселени чечүүгө киришкенин аталган өлкөнүн Ички иштер министрлиги тиешелүү жактарга кайрылып жаткандыгы кабарланат. Мындан сырткары Новосибирск облусунун губернатору Андрей Травников жана облустук спорт министри бул маселени жеке көзөмөлүнө алган.
"Кыргыз өлкөсүндө калып калган биздин жарандарыбызды анын ичинде жашы жете элек өспүрүмдөрдү өлкөгө алып келүү үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз. Азыр алар Бишкек шаарында ыңгайлуу шартта кармалып турушат. Кыргыз жана Орус өкмөттөрүнүн сүйлөшүүсүнүн негизинде жакынкы убакыттагы аба каттамы аныкталып, алар өлкөгө кайтып келишет", - деп билдирген облус башчысы.
Маалыматка ылайык, 9 жаштан 15 жашка чейинки 22 жаш спортчулар, машыктыруучу жана аларды коштоп келген 13 адам кете албай калышкан. Алар 28-март күнү учуп кетишмек. Спортчулардын рейси 27-мартка жылдырылып, бирок бүгүн орусиялык "S7 Airlines" авиакомпаниясы коронавирус пандемиясынан улам аталган каттамды токтотуп салган.