Үйүндө ыңгайлуу кеңсе уюштуруп, ишин уланткысы келгендер үчүн дизайнерлердин, эмерек жасоочулардын жана сантехниктердин кызматы керектелиши мүмкүн.
Интернет дүкөн - үйдө отуруп, керектүү буюмду сатып алууну каалагандар, айрыкча пандемия шартында көп болууда. Карантин бүткөн күнү деле интернет дүкөн актуалдуулугун жоготпойт. Демек бул тармакта иштеген кызматкерлер көбөйөт.
Билим жаатына келсек, мугалимдер анын ичинен репетиторлор.
Карантин бүткөндөн кийинки дагы бир популярдуу кесиптердин катарына айдоочу - курьерлерди, диспетчерлерди киргизсе болот.
Пандемия өткөн соң адамдардын саламаттыгына көбүрөөк көңүл бура башташат. Андыктан социалдык кызматкерлер, оорулууларды караганга жеке жарандар, онлайн дарыгерлер ишке тартыла баштайт.
Изоляцияда көпкө отуруп калып, стресске кабылгандар үчүн, албетте, психологдор керек экени талашсыз.
Биз бул тизмеге дарыгерлер менен тартип сакчыларды киргизген жокпуз. Анткени бул кесиптерге болгон талап ар дайым жогору болуп келген. Айрыкча дарыгерлер пандемия менен күрөшүүдөгү алдыңкы жоокерлер экенин көрсөтүп жатышат. Эми дүйнө аларга башкача көз караш менен мамиле жасап калат деп ишенебиз", - дешкен орус эксперттери.