Коронавирус деген сөздөн да коркуп калдыңызбы? Вирус тууралуу жаңылыктардан психиканы сактоонун жолун билип алыңыз

Коронавирус Кыргыз өлкөсүнө жетти! Кыргыз жергесинде коронавирусту жуктургандардын саны 6 болду! Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 10 миңге чукулдап, 242 миңден ашуун адам ооруну жуктуруп алды!

Учурда интернет желесинде, теледе, гезит-журналдарда дал ушундай темадагы жаңылыктар адам үшүн алып, көпчүлүктү дүрбөлөңгө салып турган маал. Вирус тууралуу жаңылыктардан психиканы кантип сактоо керек? Психолог Нурзада Маямерованын кеңешине көңүл буруңуз.

  1. Коронавирус бир гана Кыргыз мамлекетин эмес, бүтүндөй дүйнөнү дүрбөлөңгө салып турган маалы. Вирус – бул чындык, факт. Андан коркуу сезими табигый көрүнүш. Албетте, коркосуң. Анткени сен мурда мындай нерсе менен бет келген эмессиң, андан кантип коргонуу керек экенин билбейсиң.

  2. Эмнеге эл дүрбөлөңгө түшүп жатат? Алгач ошол коркунучтун себебин табыш керек. Ойлонуп көрсөк, бул коркунучтун себеби – келечек кандай болорун билбестик. “Вирус жукса өлүп калышым мүмкүн...” деген туңгуюк ой. Эми бул учурда эмне кылыш керек? Элибизде жакшы сөз бар “Эмнеден корксоң, ошол нерсе ишке ашат” деген. Кудай айтып ажал келсе, вирус жеткичекти эле башка себеп менен оо дүйнөгө кете бересиң. Андыктан ашыкча дүрбөлөңгө түшүүнү токтотуп, ошол коркунучту, тактап айтканда, вирусту жеңүүнүн жолдорун караш керек. Байкасак, ал жолдор оңой эле: гигиенаны сактоо, бет кап тагынуу, эл көп топтолгон жерлерге барбоо. Өз мисалымда айтсам, өзүмдүн, үй-бүлөмдүн саламаттыгын ойлоп, жакын адамыбыздын тажиясына барган жокмун. Муну кыргызчылыкта айтылгандай уят катары көрбөй, коргонуунун бир жолу катары кабыл алдым.

  3. Ашыкча маалыматтардан коргонуу. Азыр өзү дүрбөлөңдө жүргөн элди дүрбөтүп мессенжерлерде коронавирус тууралуу ар түрдүү жалган-чыны аралаш маалыматтар тарап жатат. Мунун баарына көңүл бурган адамдын психикасы “таштанды челекке” айланары турган иш. Андыктан расмий маалымат булактарында айтылган гана маалыматтарды бир күндө бир-эки жолу окуп койсоңуз жетиштүү. Бардык оокат-ашты жыйыштырып коюп, вирус тууралуу маалыматты кууп окуп, аны башкалар менен талкуулоонун кереги жок.

  4. Негизгиси үйдөн чыкпаш керек деген талап болдубу, демек, үйдө отуруңуз. Күнүмдүк үй жумуштары менен алек болуңуз, үйүңүздү, короо-жайыңызды тазалаңыз. Мындан сиз утушта гана болосуз. Биринчиден, негативдүү ойлордон арыласыз, алаксыйсыз. Экинчиден, вирустун алдын алып, дезинфекция иштерин жүргүзгөн болосуз.

  5. Баарыбыз билебиз, көпчүлүк оорулардын баары ашыкча нерв коротуудан келип чыгарын. Демек, баарына нерв боло берип оору чакырганды токтотуңуз. Андан көрө иммунитетти көтөрүүчү тамак-аштарды жеңиз, үйдө спорт көнүгүүлөрүн жасаңыз. Дени сак адамга оору жолобойт, жолосо да күчтүү иммунитет баарын жеңип чыгат деген позитивдүү ойдо болуңуз.

  6. Ишеним болсун. “Мамлекет элди дүрбөлөңгө салбайын деп баарын жашырып жатат” деген ойдон алыстаңыз. Баарын жеңип чыгабыз деген ишенимде болуңуз.

  7. Токтоо болуңуз, бардыгына адекваттуу ой жүгүртө билиңиз. Башынан коркок адамдар мындай оор кырдаал жаралганда такыр эле дүрбөлөңгө алдырып жиберишет. Бирок мындай абал эч качан эч кимге жардам бербейт. Үйдө вирус тууралуу эмес, жаркын келечек, баштан өткөн жагымдуу окуялар жөнүндө баарлашуу керек. Жакшы маанай жарата билиңиз.

  8. Жогоруда айтылгандарды аткаруу оңой эле. Аткарсаңыз, өзүңүздү оорудан коргогондой сезип каласыз.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан