28-марттан баштап Москвада ири базарлар жана соода борборлору жабылат

Москва шаарында коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында 28-марттан 5-апрелге чейин бардык ири базарлар, соода борборлору, кафе, ресторандар жабылды. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Сергей Собянин кол койгонун орус басылмалары жазып чыгышты.

Ага ылайык, 27-мартта Москвадагы "Смоленский пассаж", "Петровский пассаж", "Калужский", "Калейдоскоп", "Фестиваль" сыяктуу ири соода борборлору карантинге жабылды.

"Ошондой эле базарлар дагы ишин токтотту. Чач тарач жана сулуулук салондору дагы жабылат. Ал эми азык-түлүк дүкөндөрү жана дарыканалар кадимки режимде иштей берет" , - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Altyn2017
2020-03-28 01:43:15
Таксисттерге эмне болот болдукен эми.
+1
kechirmeni
2020-03-28 09:54:53
Давно жабыщ керек эле
метролорду жабыш керек, ар бир адамды маска тагынууга милдеттендириш керек, Москва кенебей атат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан