21-августка карата өлкө аймагында коронавирус илдетинен 5 адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, илдеттен Бишкекте 3, Чүй облусунда 1, Ысык-Көлдө 1 бейтап каза болду.
Коронавирус илдетинен өлкө аймагында жалпы 2478 адам каза болгон.