Өлкө боюнча коменданттык саатта 223 жаран кармалды

28-мартка карата коменданттык сааттын ичиндеги тартип бузуулар тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан маалымат таратышты.

28-мартка карата республиканын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунун аймактарында коменданттык саатта ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 223 жаран жеткирилди. Ошондой эле 11 автоунаа айып короосуна токтотулду.

Алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча - 157;

Ош шаары боюнча - 21;

Жалал-Абад шаары - 20;

Сузак району боюнча - 6;

Кара-Суу районунда - 15;

Ноокат району боюнча - 4 адам кармалды.

Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.

Жалпысынан алганда үч күндүн ичинде өлкө аймагында 784 жаран коменданттык саатта кармалды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nursiyanur
2020-03-28 11:12:49
Кенебеген ээн баштар
+2
Jelezo
2020-03-28 12:03:00
Түкүргөнгө штраф салгандай 5000 миңден салсаңар медиктерге айлык акы чыгып калат эле.
0
Dastan704
2020-03-28 13:20:51
Ээн баш кенебегендерди койобербеш керек жок эле легенде бир жума камаш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан