Айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими 10-май күнү саат 24:00дө аяктап, коменданттык саат жокко чыгарылды. SUPER.KG порталы өзгөчө абал аяктап, коменданттык саат токтотулгандан кийинки Бишкек шаарынын сүрөттөрүн тартуулайт.
"22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими улана берет. Санитардык-карантиндик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт", - деп премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык штабдын жыйынында билдирген.