27-июль күнү пневмония оорусунан Ысык-Кѳл райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бѳлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиев каза болду.
Сарбагыш Иманалиев 1960-жылы Бостери айылында тѳрѳлгѳн. Мектепти аяктаган соң, Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшырып, аяктаган.
1985-1987-жылга чейин Ысык-Кѳл райондук аймактык ооруканасында жандандыруу бѳлүмүндѳ анестезиолог-реаниматолог дарыгери болуп эмгек жолун баштаган.
1987- 2010-жылдары Ысык-Кѳл райондук аймактык ооруканасында жандандыруу бѳлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
2010-жылдын январь айында Ысык-Кѳл райондук аймактык ооруканасынын башкы дарыгери болуп 2010-жылдын август айына чейин эмгектенген.
2010-жылдан бүгүнкү күнгѳ чейин Ысык-Кѳл райондук аймактык ооруканасында жандандыруу бѳлүмүнүн башчысы болуп үзүрлүү эмгектенип келген.
Саламаттыкты сактоо тармагына кошкон зор салымы үчүн жогорку даражадагы медициналык кызматкер, саламаттыкты сактоонун отличниги тѳш белгисинин ээси жана Ысык-Кѳл облустук, райондук мамлекеттик администрациялардын Ардак грамоталары менен бир нече жолу сыйланган.