2-июндан 13-июнга чейин мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоо башталат

2-июндан 13-июнга чейин мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоо башталат. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Өкмөт үйүндө маалымат берип жатып айтты.

"Ар бир мектепте биздин буйруктардын негизинде ар бир предмет боюнча комиссиялар түзүлөт. Класс жетекчилер ошол предметтик комиссияга ар бир окуучунун биринчи чейректен баштап жетишкендиктерин, чейректик, жылдык, жарым жылдык бааларын, практикалык иштерин жана кандайдыр бир өзгөчөлүктөрү тууралуу кыскача маалыматты даярдап предметтик комиссияга киргизет.

Комиссиянын курамы 3 же 5 кишиден турат. Комиссия ар бир предмет боюнча маалыматтардын жана баланын жетишүүсүнүн негизинде жыйынтыктоочу бааны коёт. Ал баа экзамендик баа болуп эсептелинет", - деди Жусупбекова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан