ӨКМ: "Өлкө боюнча 39 миллион чарчы метр аймак дезинфекцияланды"

“Бардык муктаждыктар ыкчам чечилип, коюлган талаптар убагында аткарылууда” бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров кезектеги министрликтин штабдык чогулушунда баса белгилеп өттү.

“Мен бир нече ирет обсервацияда жайгаштырылган жарандардын жашоо-шарттарын карап чыктым, кемчиликтер чыккан, алар да кыска мөөнөттө чечилди. Берилип жаткан ысык тамак-ашка доомат болгон жок, бирок көбүнчө күнүмдүк жашоо-шартка керектелүүчү санитардык-гигиеналык каражаттардын жетишсиздиги сыяктуу маселелер болгон, алар камсыздалууда. Акча каражаттары тез арада берилип жатат, даректүү колдонушун эске алыңыздар”, - деди министр Аскаров.

Аткарылган иштер боюнча статистика:

Бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагы боюнча 39 миллион 571 миң 474 чарчы метр аймак дезинфекцияланды. ӨКМдан 120 куткаруучу жана 40 өрт өчүрүүчү унаа, мындан тышкары 158 суу чачкыч тартылган.

ӨКМ тарабынан 10 642 орундук даярдалган;

Өлкө аймак боюнча санитардык-карантиндик жана блок постторго ӨКМ тарабынан 12 даана 10 орундуу, 2 даана 30 орундуу чатыр орнотулуп, 1 бөлмөлүү 44 мобилдик турак үй, 2 бөлмөлүү 6 даана МТҮ, 700 жакын куткаруучу жана 279 техника тартылган;

Обсервацияда жайгаштырылган жарандарга 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө;

112 ыкчам номерине күн сайын коронавирус боюнча 1000ден ашуун чалуулар катталууда, нөөмөтчүлөр келип түшкөн бардык суроолорго жооп беришүүдө.

Жалпысынан ӨКМдан 800дөн ашуун өздүк курам жана 319 даана техника тартылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Atas
2020-03-28 12:29:39
Дезинфекция деп жапайы канатууларды кырып атасыңар жырткычтар
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан