Түркия жарандардын өлкөгө кирүү талаптарын күчөттү. Ага ылайык, аталган мамлекетке барган ар бир жаран COVID-19 илдети менен жабыркабаганын тастыктаган тесттин жыйынтыгын көрсөтүүсү милдеттүү. Бул тууралуу Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа Твиттердеги баракчасына жарыялады.
Андагы билдирүүгө ылайык, 28-декабрдан тартып учак менен, ал эми 30-декабрдан тартып жер үстүндөгү транспорт менен Түркиянын аймагына барган ар бир жүргүнчү акыркы 72 сааттын ичинде жасаган COVID-19 илдетине карата ПЦР тестин тапшырышы керек. Мындай талап 2021-жылдын 1-мартына чейин күчүндө болот.
Пандемия башталгандан бери Түркияда 2 миллиондон ашуун адам коронавируска чалдыкса, 19 миңден ашуун адам каза болду. Учурда өлкөдө коменданттык саат иштеп, Жаңы жылды майрамдоого тыюу салынган.