Социалдык тармактарда Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына коронавирус менен жабыркаган Кытай жараны келип түштү деген маалыматтар тараган. Бул боюнча аталган оорукананын башкы дарыгерине байланышканыбызда, учурда 11 жаран медициналык кароодо экенин айтат.
"Бүгүнкү күндө биздин ооруканада чет өлкөлөрдөн келген 11 жаран медициналык кароодон өтүп жатышат. Кайрылгандардын арасында күйөөсү Кытай жараны, өзү Кыргыз жараны болгон үй-бүлө бар. Медициналык кароодон өтүп жаткандар өзүбүздүн эле жарандар. Коронавирус менен жабыркаган факт каттала элек", - дейт башкы дарыгер.