Президент менен премьер-министр жолугушту. Анда өкмөттүн кризиске каршы планы талкууланды

Президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына мындан ары жайылышына жол бербөө чаралары жана анын экономикага тийгизүүчү кесепеттерин азайтуу боюнча өкмөттүн кризиске каршы планы талкууланды. Кризиске каршы чаралардын комплекстүү планын тездетип кабыл алуу зарылдыгы белгиленди.

Мамлекет башчы түзүлгөн кырдаалда биринчи кезекте азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, макро экономикалык кырдаалды жолго коюуга жана ишкерликти колдоого көңүл бурулушу керектигин айтты.

Өзгөчө абал киргизилген аймактардагы калкка эң зарыл болгон азык-түлүктөрдү жеткирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Муну менен бирге өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шартында калктын социалдык аярлуу катмарына даректүү жардам көрсөтүүгө олуттуу көңүл буруу керек.

Президент ошондой эле медицина кызматкерлерине максималдуу колдоо көрсөтүүнүн, аларды бардык зарыл болгон каражаттар менен камсыздоонун маанисин баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков республикалык ыкчам штаб бардык түзүмдөрдү координациялоону күчөтүшү керектигин, жарандардын, медиктердин жана жер-жерлерде комендатура менен кызматташууга тартылган башка адамдардын суроо-талаптарына өз убагында жооп берүү зарылдыгын билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт коронавирус инфекциясынын өлкө экономикасына терс таасирин азайтуу боюнча бардык чараларды көрүп жатканын баса белгиледи.

Чакан жана орто бизнести колдоо боюнча иштер тууралуу, башка кризиске каршы чаралардын ишке ашырылышы жөнүндө кеңири айтып берди.

Ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине кошумча материалдык каражат бөлүү жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын маалымдады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан